Самат Долотбаков: Төрт деген цифра мени өмүр бою ээрчип келет

6 июль 2021 15:26 2402 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Самат Долотбаков аны 4 деген цифра өмүр бою ээрчип келе жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына пост бөлүштү.

“4 деген цифра мени өмүр бою ээрчип келет. Мисалы:

1. Биз 4 бир тууганбыз

2. Токмокто, биз турган үйдүн номуру 4, 4-кабатта жайгашкан 4 бөлмөлүү үйдө турчубуз. Квартирабыздын номуру 40 болчу

3. БГКга аттанган “Эмгек” партиясынын номуру 4

4. Кандидаттардын арасында, мен 4-болуп тизмедемин

5. Менин телефон номурумда 444 деген сандар бар

6. 4 тилде эркин сүйлөйм

7. Ушул жума баняга бардым. Мага кийим салуучу жердин ордун 44 номур деп беришти

8. 4 балалуу болсом деп кыялданып келем

9. Атам, үй-бүлөсүндө 4 бала

10. 4 мамлекетте жашап, эмгектенгем

11. 4 континентти зыярат кылдым

12. Лицейди бүтүрүп жатканда, аттестатымда 4 деген баадан төрттү алгам

Өйдө жакта белгилеп кеткендей эле, бул фактылардын көбү чындык. Экөөсү жалган. Кайсылары туура эмес деп ойлойсуз?”,-деп күйөрмандарына кайрылды ырчы.

  

Ссылка: https://barometr.kg/samat-dolotbakov-trt-degen-cifra-meni-mr-boyu-eerchip-kelet



Добавить комментарий