Самара Каримованын күмүш баскычы Америкадан келди: "Буюрса миллионго чогуу жетип, алтын баскыч алабыз"

29 январь 2019 12:16 3404 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы жана актриса Самара Каримова өзүнүн Youtube каналындагы катталуучулардын жана көрүүлөрдүн саны үчүн Youtubeтун күмүш басыкычына ээ болду.

Тактап айтканда ырчы буга чейин күмүш баскычтын ээси болдум деп сүрөтүн гана жүктөгөн, эми минтип чыныгы күмүш баскычты колго алып олтурат.

Бул жаңылык менен Каримова өзүнүн инстаграм баракчасынан бөлүштү.

Ырчы өз сөзүндө:

"Бул менин жеке эмгегим эмес, баарыңыздарга рахмат. Америкадан келди, албетте баарыңыздарга рахмат. Куттуктайм", -деди.

Ага кошумча Самара Каримова азыркы учурда каналга катталгандардын саны 140 000 ден ашаарын кошумчалап, буюрса сиздер менен миллионго жетип алтын баскыч алабыз деди.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimovanyn-kmsh-baskychy-amerikadan-keldi-buyursa-milliongo-choguu-zhetip-altyn-baskych-alabyz



Добавить комментарий