Жүрөк титирейт. Самара Каримова күйөрмандарынан кечирим сурап, видео кайрылуу жасады

16 январь 2020 19:06 6583 Barometr
Бөлүшүү:
ok



Белгилүү ырчы Самара Каримова Instagram баракчасы аркылуу жалпы күйөрмандарынан кечирим сурап кайрылды.

Каримова видео кайрылуусун Абу-Даби шаарындагы Шейх Заед мечитинин жанынан жасаган.

"Билип-билбей кимдир бирөөнү капа кылган болсом кечирим сурайм. Күнөөсүз  бир гана жаратканым. Пендечилик кылып мүмкүн кээде адашабыз..... бирок баарыбыздын бараар жерибиз бир экен... жүрөктү тазартып сызып өткөн өмүрдөн татыктуу жашап өтөлү...", — деп жазды ал.

Ырчы айымдын Instagram баракчасынан анын учурда Бириккен Араб Эмиратында жүргөнүн билүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-kjrmandarynan-kechirim-surap-video-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий