Салык кызматынын үч кызматкери ишеничтен кеткендиги боюнча, иштен кетишти

9 март 2020 17:32 509 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 3 кызмат адамы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка 9-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Тактап айтканда, Ленин району салык органынын начальниги, ушу органдын бөлүм начальниги жана башкы инспектору ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Аталган салыкчылар кызычылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулушту.

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmatynyn-ch-kyzmatkeri-ishenichten-ketkendigi-boyuncha-ishten-ketishti



Добавить комментарий