Салык кызматында аналитикалык борбор түзүлдү, ал жашыруун схемаларды аныктайт
Мамлекеттик салык кызматында Аналитикалык иштер башкармалыгы (Аналитикалык борбор) түзүлдү. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча резервдерди аныктоо иштеринин сапатын жогорулатуу максатында жаңы башкармалык түзүлгөн.
"Мында иштеген кызматкерлер салыктардын бардык түрлөрүнө жана тармактарга мониторинг жүргүзөт. Аймактык салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, салык төлөөчүлөрдүн базасы боюнча талдоо жүргүзүү, жашыруун схемаларын табуу алардын милдети", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишин көзөмөлдөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmatynda-analitikalyk-borbor-tzld-al-zhashyruun-shemalardy-anyktajt
Добавить комментарий ×