Эми спирт ичимдиктерин өндүргөндөр менен саткандарга лицензияны салык кызматы берет
Салык кызматы өкмөттүн 2020-жылдын 24-январындагы № 30 токтому менен этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, ошондой эле алкоголдук продукцияны сатууга лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Бул чечимге ылайык Салык кызматы этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүң жана чекене сатууга) лицензия бере баштайт.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын аягында Мамлекеттик салык кызматына Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо функциялары өткөрүлүп берилген.
Добавить комментарий ×