Салык кызматынын 10 кызматкери жазалады
Салык кызматкерлери 4 ишкерди админнстративдик жаза менен жазалышты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 7 айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 10 кызматкерин жазалады, ошондой эле салык мыйзамын бузгандыгы үчүн 4 ишкерди административдик жазага тартты.
"Жалпысынан жыл башынан бери Салык кызматына жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 87 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 41 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 29, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш номерине” – 17", - деп айтылат маалыматта.
Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 33 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 16 – ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон.
Бардык кайрылуулар мыйзамдын негизинде белгиленген мөөнөттө каралды.
Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 16 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 7 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды, 2 – кароо стадиясында турат жана 2өө маалымат үчүн.
Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер ротацияланды, 1 катуу сөгүш, 5 – сөгүш, 2 – эскертүү жарыяланды. Мындан тышкары, бир даттануу боюнча материалдар ИИМне өткөрүлүп берилди.
Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 16 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду.
Мындан тышкары, 7 айда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 40 жаран болду, алардын ичинен 14 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 18 адам, кадрдык маселелер боюнча – 8 жаран болду.
Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-7-ajda-zharandardyn-dattanuulary-boyuncha-10-kyzmatkerdi-zhazalady
Добавить комментарий ×