Салмагы 7 килограммга жакын алп наристе төрөлдү
Америкалык аял салмагы жети килограммга жакын наристени жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу New York Post басылмасы кабарлады.
Ымыркай Нью-Йорк штатындагы Элмир шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде 12-мартта жарык дүйнөгө келген. Анын салмагы 6,9 килограмм, бою-59 сантиметр. Дарыгерлер алардын иш практикасында мындай уникалдуу учур алгачкы жолу катталганын моюндарына алышты.Негизинен наристелер алты-жети килограмм салмакка алты ай болгондо жетиши керек.
Кыздын энеси Джой Баклиге үч дарыгер кесарево операциясын жасашкан.
Эки жыл мурда да 96 килограмм салмактагы Бакли 4,9 килограммдык бала төрөгөн эле.
Ымыркай кыз Гиннесс рекорддор китебине киреби же жокпу азырынча маалымдаша элек.
Ссылка: https://barometr.kg/salmagy-7-kilogrammga-zhakyn-alp-nariste-trld
Добавить комментарий ×