Саламаттыкты сактоо министрлиги 2-6-класстын окуучуларын салттуу билим берүүгө өткөрүүнү карап жатат

28 сентябрь 2020 14:33 732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрлиги 2-6-класстын окуучуларын салттуу билим берүүгө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифинг учурунда берген маалыматына таянып "Барометр"  билдирет.

"Бүгүнкү күндө, Билим берүү жана илим министрлиги менен алгоритмдер түзүлүп, иштеп жатат. Жеке менчик бала бакчаларда балдардын саны аз жана бардык талаптарды аткарганга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми, мамлекеттик бала бакчаларда балдардын саны көп. Анын ар бирине индивидиалдуу мамиле кылуу зарыл. Андыктан, бул маселе каралууда. Ошондой эле, мектептерде  2-6- класска чейин окутуу боюнча маселеси талкууланып жатат. Эгерде беткап тагынуу, социцалдык аралыкта сактоо сыяктуу талаптарды сактоо мүмкүн болсо, уруксат берилет. Башка класстардын  жана Жогорку окуу жайдын студенттеринин окуусу кийинки этаптарда каралат”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев .

Ссылка: https://barometr.kg/salamattykty-saktoo-ministrligi-2-6-klasstyn-okuuchularyn-salttuu-bilim-berg-tkrn-karap-zhatat



Добавить комментарий