Садыр Жапаровдун жактоочусу прокуратурага жаны ачылган жагдайлар боюнча Жапаровдун ишин кайра кароону суранып арыз жазды

11 октябрь 2018 10:00 1952 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Абакта олтурган Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Биринчи Май райондук прокуратурасы мыйзамсыз жана негизсиз жаңы жагдай боюнча иш козгоодон баш тарткандыгына байланыштуу Жапаровтун ишин жаны ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону суранып арыз жазды. Бул тууралуу жактоочу фейсбуктагы жеке баракчасына билдирди. 

"2018-жылдын 10-октябрь күнү Бишкек шаардык прокуратурасына Садыр Жапаровтун иши боюнча Биринчи Май райондук прокуратурасы мыйзамсыз жана негизсиз жаңы жагдай боюнча иш козгоодон баш тартты , ошол чечимди бузуп Садыр Жапаровтун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону суранып даттануу жаздым"

Мен Садыр Жапаровтун Эмилбек Каптагаевти барымтага алуу боюнча эч кандай тиешеси жок экендигинин үтүр, точкасына чейин далилдеп бердим. Жаңы жагдай бар экенин да толук далилдедик. Бирок Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамдуу чечим кабыл алынбай калды. Ошондуктан ким Садыр Жапаров акталыш керек дегендер лайк басыныздар. Ушул эки суроого Сиздерден коментарийде жооп күтөм. Садыр Жапаровтун Эмилбек Каптагаевти барымтага алууну уюштурду дегенге ишенесиздерби? Эгер мыйзамдуу чечим кабыл алынган болсо Бишкек шаардык прокуратурасы кандай чечим кабыл алыш керек деп ойлойсуздар? А мен болсо мыйзамдуу жол менен акырына чейин күрөшөмүн"-деп билдирди Шарабидин Токтосунов. 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-zhaktoochusu-prokuraturaga-zhany-achylgan-zhagdajlar-boyuncha-zhaparovdun-ishin-kajra-karoonu-suranyp-aryz-zhazdy



Добавить комментарий