Видео. Садыр Жапаровдун адвокаты Башкы прокуратурага кайрылды

23 август 2018 05:00 2246 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун адвокаты Токтосун Шарабидинов Жапаровтун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону суранып Башкы прокурорго кайрылды.

Бул тууралуу Садыр Жапаровдун адвокаты Токтосун Шарабидинов өзү билдирди. 

“Буга чейин Жогорку сотто Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок экендигин 200 пайыз далилдеди. Мага Жогорку Соттун судьялары “сиз мындай деп жатасыз, иштин ичинде мындай деп жазылып жатат” деп бир да суроо бере алышкан жок. Кайрадан мен сүйлөгөн учурда алар баары баштарын ийкеп туура деп отурушту. Акырында эле эч негизсиз, далилсиз мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтырып койду. Соттор жөн гана Атамбаевдин буйругун аткарып коюшту дейт ” 

Ошондой эле жактоочу бул туурасында башкы прокуратурага кайрылганын кошумчалады.

“Башкы прокуратурага кайрылдык. Анткени, Башкы прокурор Президентибиз Сооронбай Шариповичтин сунушу боюнча коюлган. Эми биз бул бийликтен эски бийликтин каталарын кетирбей, адилет ак карап Садыр Жапаровтун ишин райондук, шаардык, Жогорку соттун бирине жаңы жагдайлар бар экен деп кайра кароого жөнөтүп Садыр Жапаровтун акталышын талап кылат деген үмүттөбүз” –дейт.

Эске салсак, үстубүздөгү жылдын 13-июнь күнү Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-advokaty-bashky-prokuraturaga-kajryldy



Добавить комментарий