Садыр Жапаров жубайы менен келип, шайлоо жана референдумга добуш берди
Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө. Президент Садыр Жапаров Чоң-Арык конушундагы шайлоо тилкесинде добуш берди.
Президент мамлекеттик резиденциянын жанындагы No1053 шайлоо участогуна добуш берүүгө жубайы менен келди.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Баарыңыздарды шайлоого активдүү катышып берүүгө чакырам.
Буга чейин, 30 жыл аралыгында Конституцияны бир нече жолу өзгөрттүк. Бирок, биз буга чейин, башка өлкөлөрдөн көчүрүп алынган мыйзам менен жашап келгенбиз. Тарыхыбызда биринчи жолу, ак сакал, академик, юрист, илимий ишмерлердин катышуусунда өзүбүз мыйзам жазып, элдин тандоосуна койдук”, - деди Жапаров.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhubajy-menen-kelip-shajloo-zhana-referendumga-dobush-berdi
Добавить комментарий ×