Садыр Жапаров жер бөлүштүрүүдөгү коррупцияга жоопкерчилик караларын эскертти

16 ноябрь 2021 13:29 1523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ээлеген кызматына карабай коррупцияга аралашкан тараптардын баарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин чечиш керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы ишкер кеңештин биринчи жыйынында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Ал “Жерди трансформациялоо боюнча” мыйзамга кол коюлганын жана участкаларды инвентаризация кылуу маселелерин аяктоону тапшырганын белгилеп өттү.

“Кен, жер, суу, жайыт - мунун баары элдин байлыгы. Жерди трансформациялоо боюнча көп маселелер бар, ал сатып алуу-сатуудагы алдамчылыктын предмети болуп калды. Мамлекет азык-түлүк программасы боюнча, эртеңки күн боюнча ойлонушу керек-кайсы жерге дан, картошка жана башка азык-түлүк продукцияларын айдайбыз деп.Кезектеги трансформацияда мурдагы трансформациялардын сабагын алып жана мурдагы каталарды кайталабашыбыз керек. Эң эле чоң маселе Бишкектин айланасындагы жерлерди трансформациялоода келип чыккан, көптөгөн коррупциялык схемалар ачыкталган. Ээлеген кызматына карабай коррупцияга аралашкан тараптардын баарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин чечиш керек”,-деп айтты мамлекет башчысы.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zher-blshtrdg-korrupciyaga-zhoopkerchilik-karalaryn-eskertti



Добавить комментарий