Садыр Жапаров: Жээнбеков тынчтык жолу менен бийликтен кетүүгө даяр экенин айттырды

8 октябрь 2020 22:05 4363 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында Өкмөт үйүнүн жанында кечинде саат 18:50 чамасында премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаров митингчилерге кайрылды.

Ал оор саясий кырдаал боюнча бир катар резонанстуу билдирүүлөрдү жасады.

"Бир саат мурун мен Өкмөт үйүнө келдим, Суваналиевдин адамдары мага келип, менин унаамды жана менин күзөтчүлөрүмдү алып кетишти. Суваналиев УКМКны экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тапшырмасы менен басып алды. Ал Атамбаев менен Бабановдун бийликти  басып алуусуна жол ачып берип жатат ", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал буга чейин өлкөдө туруктуулукту камсыздоо максатында бардык саясатчылар менен жолугушууларды өткөргөнүн мойнуна алды.

"Мен баардыгы менен сүйлөштүм, жолуктум. Бирок бул саясатчылар мамлекетти басып алууга даярданып жатышат", - деди саясатчы.

Жапаров Жээнбеков бир депутат аркылуу акырын жана ыктыярдуу түрдө президенттик кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазууга даяр экендигин билдиргенин белгиледи.

Садыр Жапаров ага тоскоолдук кылышпаса, анда Райым Матраимов камакка алынарын кошумчалады.

"Менин оппоненттерим мага каршы ар кандай ушактарды таркатышты, андан кийин алар мени Жээнбековдорго же Матраимовдорго шылтап жатышат. Бул туура эмес, бул чагымчылдык, мен эл мененмин", - деди Садыр Жапаров.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zheenbekov-tynchtyk-zholu-menen-bijlikten-ketg-dayar-ekenin-bildirdi



Добавить комментарий