Садыр Жапаров жалпы Борбор Азиянын телеканалын түзүүнү сунуштады

21 июль 2022 14:07 1734 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда жалпы Борбор Азиянын теле каналын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Президенттин айтымында, теле канал түзүү элдерибиздин ортосундагы ынак коңшулаштыктын тарыхый терең салттары Борбор Азияны бирдиктүү маданий-гуманитардык мейкиндик катары жайгаштыруу үчүн жакшы өбөлгө болуп саналат. 

"Биздин жарандардын, чыгармачыл коллективдердин, илимий чейрөлөрдүн ортосундагы байланыштарда чек жок.

Өлкөлөрүбүздүн руханий жакындыгын эске алуу менен биз жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү жана аймактын потенциалы, бул аймакта жашаган элдердин достугу жана биримдиги тууралуу маалымат берүүчү теледолбоорлордун сериясын, билим берүү тармагындагы бир катар теледолбоорлорду, биздин элдерибиздин тарыхы жана өзгөчөлүгү жөнүндөгү телерадио берүүлөрдү даярдоону сунуштайбыз.

Борбор Азия демографиялык жактан жаш аймак.

Биздин өлкөлөрдө жашаган жаштар биздин аймактын келечектеги гүлдөшүнүн кыймылдаткычы болот. Жаш таланттарды бардык тармактарда: экономика, маданият, инновация боюнча колдоо иш-чараларын өткөрүшүбүз керек. Жаштарыбызга, алардын билим алуусуна, жогорку сапаттагы кадрларды даярдоосуна инвестиция салуу маанилүү деп эсептейбиз”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhalpy-borbor-aziyanyn-telekanalyn-tzn-sunushtady



Добавить комментарий