Садыр Жапаров телефон аркылуу Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү

14 январь 2022 12:37 4091 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күн мурун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Токаев Садыр Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-telefon-arkyluu-kasym-zhomart-tokaev-menen-sjlsht



Добавить комментарий