Садыр Жапаров: Президенттерди тегерегиндегилер бузат деген чын экен

7 декабрь 2020 11:57 1514 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мыйзамы менен 10 жыл жашап 30 жыл артка кеттик деди. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Мен тарыхтан сабак алдым.

Өмүрбек Текебаедин “Азаттык” радиосуна берген маегин көрдүм. “Садыр Жапаров сунуштап жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дептир. Тескерисинче Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. 

Президенттерди тегерегиндегилер, айлана-чөйрөсүндөгүлөр бузат деген чын экен, туугандар.

“Ой анын деңгээлине түшпө, мунун деңгээлине түшпө, ылдый болуп кеттиң” дегендер көп. Мен эмне ылдый түшпөй, асманда жашап жаттым беле?

Мурдагы мамлекет башындагыларды да «ал сиздин деңгээл эмес, бул сиздин деңгээл эмес» деп асманга көкөлөтүп, элден алыстатып жүрүп, президенттерди таптакыр эле элден четтетип коюшту. Акырында таптакыр элдин турмушунан кабарлары болбой, асмандап калганда, эл жерге түшүрүп койду. Дал ушундай учурларда жандарында бирөө да калган жок. Баары алардан жаа бою качып кетишти.

Ошол үчүн, мейли ким болбосун жөнү жок сындап, куру доомат коюп, кооз сөздөр менен элди алдап, жаштарды туура эмес жолго жетелегендерге сөзсүз жооп беришим керек.

Мен тарыхтан сабак алдым.

Асмандабай эле, элдин турмушундагы ар бир маанилүү ишке көңүл буруп, катардагы эл менен чогуу жашайм, туугандар”, - деп жазды Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-tekebaevdin-bash-myjzamy-menen-10-zhyl-zhashap-30-zhyl-artka-kettik



Добавить комментарий