Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжанга учуп кетти

19 апрель 2022 17:19 1064 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде Азербайжанга  расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын  делегациясынын курамында:

  • президенттин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;
  • айыл-чарба министри Аскарбек Джаныбеков;
  • санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
  • транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев; 
  • экономика министри Данияр Амангельдиев.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-rasmij-sapar-menen-azerbajzhanga-uchup-ketti



Добавить комментарий