Жапаров Путинге тажик тарап куралдуу кол салуу менен чек арага кирип келгенин айтты

13 октябрь 2022 21:50 1509 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Астанада Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын президенттеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Казакстандын Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда, президент Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

“Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду.

Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга  ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи”, -деп айтылат маалыматта.




Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-putinge-tazhik-tarap-kol-saluu-menen-chek-araga-kirip-kelgenin-ajtty



Добавить комментарий