Садыр Жапаров Путинден кызматташуу маселелерин телефон аркылуу талкуулоону өтүндү

10 ноябрь 2020 17:50 976 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан ар дайым Евразиялык интеграция маселелери боюнча Россиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министри Садыр Жапаров ШКУ саммитиндеги сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

“Биз эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү багытын ырааттуу негизде улантабыз. Кызматташтык боюнча ортодо бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды сиз менен телефон аркылуу талкуулоону суранат элем”, - деди Жапаров.

Эске салсак, бүгүн, 10-ноябрда ШКУнун мамлекеттеринин башчыларынын видеоконференция форматындагы жыйыны болду.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-putinden-kyzmattashuu-maselelerin-telefon-arkyluu-talkuuloo-mmknchlg-zhnnd-tnd



Добавить комментарий