Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырды. Өкмөт толугу менен отставкага кетти
"Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары жана Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызматтан кетүү жөнүндө арызын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 2-абзацы, 2-бөлүгү, 3-бөлүгүнүн 1-абзацы жана 23-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
Жапаровдун Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматтан кетүү жөнүндө арызын кабыл алуу жана аны ээлеген кызматынан бошотуу;
Кыргыз Республикасынын учурдагы өкмөтү отставкага кетти деп эсептөө;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жаңы өкмөтү түзүлгөнгө чейин аткара тургандыгын белгилөө;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковго Кыргыз Республикасынын жаңы өкмөтү түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин жүктөө.
Добавить комментарий ×