Соцтармакка Садыр Жапаровдун атынан элди дүрбөлөңгө түшпөй турууга чакырган кайрылуу жарыяланды

23 октябрь 2020 14:41 1088 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Садыр Жапаровдун атынан социалдык тармактарга референдум өткөрүү жана Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктарын 2021-жылдын 1-июнуна чейин узартуу боюнча мыйзамга байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жарыяланды. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Telegram каналына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мындай кайрылуу өкмөттүн жана президенттин сайттарында жарыяланган эмес.

Соцтармакка жарыяланган билдирүүдө шайлоо март айларына чейин өткөрүлөрү айтылган.

“Урматтуу Кыргызстандыктар!

Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.

Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот”, - деп жазган Жапаров.

Эскерте кетсек, кече, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча конституциялык мыйзамды колдогон. Жаңы мыйзам долбоорго президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Бул жаңы мыйзам коомчулуктун нааразы пикирин жаратып, кайчы пикирлерди туудурган.

Депутаттар конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартибин караган. Бирок, шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-parlamenttik-shajloo-mart-ajlarynan-kechiktirilbej-tkrlrn-ajtty



Добавить комментарий