Садыр Жапаров менен Путин телефондон сүйлөшүштү. Алар эмнени талкуу кылышты?

10 апрель 2023 15:40 1198 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 10-апрелде, Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

“Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты.

Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты”, - деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-menen-putin-telefondon-sjlshsht-alar-emneni-talkuu-kylyshty



Добавить комментарий