Садыр Жапаров менен чогуу Россияга кимдер учуп кетти?

24 май 2023 12:39 465 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россияга учуп кетти.

“Сапардын алкагында бүгүн Мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртең, 25-майда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат”, -деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Адылбек Касымалиев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

Муратбек Азымбакиев - Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Самат Гуьлнара-Клара - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;

Аяз Баетов - юстиция министри;

Асеин Исаев - тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Самат Кулмамбетов - Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;

Назарбек Малаев - экономика жана коммерция министринин орун басары.




Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-menen-choguu-rossiyaga-kimder-choguu-ketti



Добавить комментарий