Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады

20 июль 2023 14:32 540 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды.

“Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи”, -деп жазылат маалыматта.

Умра - кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-mekkede-kichi-azhylyk-zyyarat-zhasady



Добавить комментарий