Садыр Жапаров Кытайга барат

24 январь 2022 12:14 1927 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.

Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-kytajga-barat



Добавить комментарий