Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасайт
Президент Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
" Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган КРнын жаңы конституциясына кол коюп, кыргызстан элине кайрылуу жасайт.
Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - жогорку кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата пчр-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.
Иш-чара коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Башталышы саат 10: 00дө",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-kyrgyzstan-eline-kajryluu-zhasajt
Добавить комментарий ×