Садыр Жапаров коронавирусту “уу коргошун” менен дарылоо эффективдүү экенин айтты

16 апрель 2021 11:51 1617 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров коронавирусту “уу коргошун” менен дарылоо эффективдүү экенин айтты. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн, Бишкек менен Чүй облусунда Ковид-19 менен ооруп жатышкан жарандарыбызды көрүп келдим.

Албетте, оорулуулар көп.

Бирок, эч кандай карантинсиз эле абалдан чыгып кетебиз деген максатыбыз чоң.

Кудай буюрса, баары жакшы болот.

Сиздерден бир гана сураныч, дайыма эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүңүздөр. Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр.

Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты.

(Видеоматериалдан дарысын билсеңиздер болот)

Ошондуктан, өз ден-соолугуңарга кайдыгер карабай, дароо райондук же шаардык ооруканаларга кайрылгыла. Тез эле айыгып чыгасыздар.

Бүгүн мен кыдырган «кызыл зонадагылардын» дээрлик баардыгы үйлөрүндө жата беришип, күчөп кеткенде келишкен. Албетте, оор акыбалда жандандыруу бөлүмдөрүндө жатышат.

Анан, эң негизгиси, кайдыгер болбой вакцина алгыла.

Райондордун борборлоруна, облустук ооруканаларга, Бишкек шаарында жайгашкан вакцинация жасай турган жайларга барып, эмдөөдөн өткүлө. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 000 жаран вакцинация алыптыр. Өтө кайдыгерлик.

Кудай анын бетин ары кылсын, кокус оору күчөп кетип, алыбыз жетпей бара жатса, айла жок карантин киргизүүгө туура келет. Карантиндин кесепети эмнеге алып келээрин былтыр жакшы билдик.

Ошондуктан, активдүү болуп, ооруп калсаңар үйдө жатып албай, дароо ооруканага барып, ар бирибиз өзүбүздү өзүбүз коргойлу, мекендештер”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Уу когошун деген эмне?

Уу коргошун - өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун уруусу . Көп жылдык чөп. Тамыры жоон, түймөк сымал, жалбырагы татаал, манжадай тилик, гүлү сары, көк, кызгылт көк, кээде ак, чачыдай топ гүлгө чогулган. Уу коргошундун Тундүк жарым шарда 300, Кыргызстанда 9 түрү (ак кодол, бурма кара, кара барпы, кулунчак ж. Б.) кезигет. Ал - уулуу өсүмдүктердүн эң күчтүүлөрүнөн. Уу зат айрыкча тамырында көп.

Анда онго жакын алкалоид бар, негизгиси - аконитин. Уу коргошун байыртан дары катары белгилүү. Тамырын кайнатып, сүт кошуп, ысык ичишкен.



Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-kyrgyz-darygerleri-koronavirustu-eki-knd-taza-ajyktyra-turgan-dary-taap-alyshty



Добавить комментарий