Садыр Жапаров: Коррупцияга шектелип кармалгандардын туугандары "абактан чыгарып бер" деп келип жатышат

4 декабрь 2020 11:14 932 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров коррупцияга шектелип кармалган айрым чиновниктердин туугандары андан “абактан чыгарып бер” деп келип жатканын айтты. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Баш прокурор, УКМК, ИИМ , Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда алардын эркин чечим кабыл алуусуна кепилдик бергем.

Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казнасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш деген элем. Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат.

Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин.

Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар”, - деп жазды Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-korrupciyaga-shektelip-karmalgandardyn-tuugandary-abaktan-chygaryp-ber-dep-kelip-zhatyshat



Добавить комментарий