Садыр Жапаров командасы менен футбол боюнча достук оюнга катышат
Президент Садыр Жапаров башында турган президентин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Бул президенттин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет
Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.
Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.
Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.
Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.
Түз эфир башталышы - 13:45.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-komandasy-menen-futbol-boyuncha-dostuk-oyunga-katyshat
Добавить комментарий ×