Садыр Жапаров: Кичинекей Кыргызстан үчүн 12 министрлик да көптүк кылат

2 февраль 2021 15:44 4133 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кичинекей Кыргызстан үчүн 12 министрлик да көптүк кыларын айтып, айрым атка минерлерге кайрылуу жасады.  “Мен революция жасадым, демек, өмүр бою ушул кызмат ордумда калышым керек” деген ойдон алыс болууга чакырды. Бул тууралуу Жапаровдун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз өлкөбүздү өркүндөтүү, мамлекеттик башкаруу тутумун өзгөртүү, казынадан уурулукту токтотуу, керексиз органдарды оптималдаштыруу максатында революция жасадык. "Мен революция жасадым, демек, өмүр бою ушул кызмат ордумда калышым керек, аны жоюуга болбойт" деп айткандан алыс бололу.

Бул биринчи нерсе. Экинчиден, кадр саясатына келгенде эски идеялардан баш тарталы - ал Акаевдин кадры, Бакиевдин, Атамбаевдин же Жээнбековдун кадры деген болбошу керек. Ушундай жол менен кете берсек, өлкөбүздөн компетенттүү адистерди таба албайбыз. Анда, биз башка планетадан кадрларды издешибиз керек болот.

Үчүнчүдөн, министрдин кызмат ордуна Садыр Жапаровго душмандык кылып, анын камалышына салым кошкон адам бара жатат дегендерге жооп бергим келет: азыр касташып же тууганчылык мамиледе боло турган мезгил эмес. Эл үчүн, келечектеги мамлекет үчүн мурун эмне болгонун унутуубуз керек. Сабыр кылалы. Кудуреттүү Кудай сабырдуулардын тарабында.

Биз ар бир министрликке мурдагыдай тааныш аркылуу менен эмес, ушул тармактардын адистерин тартып жатабыз. Ар ким өз ишин аткарышы керек. Эгер мурунку адатынча уурдап кете беришсе, токтоосуз камакка алынышат.

Төртүнчүдөн, эң башкысы, бүгүнкү күндө 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволор иштеп жатат. 30 жылдан бери ушундай болуп келе жатат, эгер кимдир бирөөгө кызмат жетишпей калса эле, анда алар ошол замат министрликти түзүп алышчу. Алар элге эч кандай пайда алып келбей, казынадан миллиарддаган каражаттарды сарпташат. Биз керексиз кызмат орундардын бардыгын азайттык, болгону 12 министрлик калды. Энергетикалык тутумдун өзү эле 2 миллиард сомду үнөмдөйт. Кичинекей Кыргызстан үчүн 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай чечимге келдик.

Биз “жети жолу өлчөп, бир жолу кес” деген принцип менен иштейбиз.

Бир революционердин кызыкчылыгы үчүн 6,5 миллион адамдын кызыкчылыгын тебелебейли”, - деп жазды Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-kichinekej-kyrgyzstan-chn-12-ministrlik-da-kptk-kylat



Добавить комментарий