Садыр Жапаров эртең акталып камактан чыгышы мүмкүнбү?
Бөлүшүү:
Садыр Жапаровдун иши эртең Жогорку Сотто каралат. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов жергиликтүү маалымат булагына кабарлады.
Анын пикиринде эртең Садыр Жапаров акталып, камактан бошотулушу ыктымал. “Жапаров эртең Жогорку сот тарабынан акталышы керек. Жапаровдун күнөөсү жок. Ал толук акталышы зарыл”,-деген адвокат.
Эскерте кетсек, мурдагы депутат Садыр Жапаров “бейбаштык”, “адамды барымтага алуу” жана “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү” беренелери боюнча айыпталып, Биринчи май райондук соту тарабынан 11,6 жылга эркинен ажыраган. кылмыш иши козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-erte-aktalyp-kamaktan-chygyshy-mmknb
Добавить комментарий ×