Садыр Жапаров депутаттардын санын кыскартууну сунуш кылды

16 октябрь 2020 13:49 1449 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу сунушун киргизди.  

"Бир мандаттуу шайлоону азырынча туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Түндө мыйзамдын баарын карап чыктым. Эгерде биз партиялык система боюнча шайлоону өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөйбүз. Шайлоо босогосун үч пайызга чейин түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат деп ойлойм. Менимче, беш пайызга түшүргөн туура. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулабайм. Мындан сырткары, 5 миллион сомдук күрөөнү бир миллионго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Ошондой эле депутаттардын санын 120 эмес, 70 же 90го кыскартып коюп, анан парламенттик шайлоону өткөрүп алсак. Андан кийин жаңы парламент конституциялык реформага барса туура болот экен. Бул менин жеке оюм", -деди премьер-министр.

Ошону менен катары эле, ал президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана бул маселе тууралуу талкуунун кийинки жумада так датасы белгилүү болорун айтты.

Мыйзамда президент өз каалоосу менен кеткен күндөн баштап 90 күнгө чейин жаңы президентти шайлоо өтүшү керектиги белгиленген.

Эскерте кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-deputattardyn-sanyn-kyskartuunu-sunush-kyldy



Добавить комментарий