Садыр Жапаров чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүү тапшырмасын берди

29 апрель 2021 18:03 4302 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, өкмөтүнүн мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

"Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду", - деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-chek-ara-maselesin-tynchtyk-zholu-menen-chech-tapshyrmasyn-berdi



Добавить комментарий