Садыр Жапаров Чаткалдагы "Терек-Сай" алтын кенине барды (сүрөт)

5 ноябрь 2020 09:26 1099 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

«Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасынын өкүлдөрү президенттин милдетин аткаруучуга чет мамлекеттерден жабдуулардын келиши кечигип жатканына байланыштуу алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши токтоп турганын билдиришти.

Садыр Жапаров «Терек-Сай» кениндеги ишти жандандыруу керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга компаниянын иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле ишкана жергиликтүү эл менен ачык диалог жүргүзүүсүнүн зарылдыгын кошумчалады.

«Калдык сактоочу жайды курууга даярдык иштери жүрүп жатыптыр. Бирок аталган жайдын экологияга зыяны тийбегендей болуп, бардык эрежелер сакталышы шарт. Аны тийиштүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алууга тийиш. Бул боюнча жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, ачык диалог жүргүзсөңүздөр», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Садыр Жапаров «Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасы бардык экологиялык жана социалдык талаптарды аткарат деген ишенимин билдирди.

«Компаниянын социалдык милдеттенмелерди аткаруу жана жаратылышты коргоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү тургундардын да көзөмөлүндө турат.

Маалымат үчүн: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы — биргелешкен ишкана. Капиталдын 25 пайызы — «Кыргызалтын» ААКга, 75 пайызы — «Эти Бакыр» түрк компаниясына тийиштүү

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-chatkaldagy-terek-saj-altyn-kenine-bardy-srt



Добавить комментарий