Садыр Жапаров: Бюджеттин кирешеси 6 айда 133 млрд 486 млн сом болду
Садыр Жапаров акыркы алты ай ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайызга көтөрулгөнүн билдирди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө.
"Биринчи – өлкөнүн ички дүң продукциясындагы өсүштү айткым келет.
Экономикада ИДПнын өсүшү маанилүү көрсөткүч.
Дүйнө экономикасы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен аныкталат.
ИДПнын көлөмүнүн көп болушу түздөн-түз экономиканын өсүшүн шарттайт.
Азыр мына 6 айдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө чыктык.
Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала берген маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түздү.
ИДПнын номиналдык көлөмү 6 айда 335 млрд сом болду, бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп.
Дүйнөлүк пандемиянын, климаттык өзгөрүүнүн, Чыгыш Европадагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан, биз ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз.
Муну баса белгилеп айтышыбыз керек”, -деди президент.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-byudzhettin-kireshesi-6-ajda-133-mlrd-486-mln-som-boldu
Добавить комментарий ×