Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөйт
Бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиришкенин “Барометр” маалымдайт.
Президент Садыр Жапаров жыйында видео-кайрылуу режиминде сөз сүйлөйт.
Ошондой эле Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн тобунун тышкы иштер министлеринин 2021-жылдагы Ядролук сыноолорго тыюу салуу келишимин, Энергетика боюнча жогорку деңгээлде өтүүчү диалог, Эл аралык ядролук куралды толук жок кылуу эл аралык күнүнө карата жогорку деңгээлдеги кеңешмеге катышып, БУУнун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-buunun-bashky-assambleyasynyn-76-sessiyasynda-sz-sjljt
Добавить комментарий ×