Садыр Жапаров бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

17 май 2021 12:40 668 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пакистан, Өзбекстан, Венгрия, Афганистан, Туркия, Казакстан мамлекеттеринин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Ишеним грамоталарын кабыл алган соң, президент ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, алар менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.

Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, аларга Кыргызстандагы ишинде алдыга койгон бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Алардын эл аралык бай тажрыйбасы өлкөлөрдүн ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызмат кыла тургандыгына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров чет мамлекеттердин элчилерине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө, алардын жооптуу дипломатиялык кызматтагы иш-аракеттерин колдоого даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын элчиси — Сардар Азхар Тарик Хан, Өзбекстандын элчиси — Хуршид Мирзахидов, Венгриянын элчиси — Шандор Дороги, Афганстандын элчиси — Бисмилла Вазири, Түркиянын элчиси — Ахмет Садык Доган, Казакстандын элчиси — Рапил Жошыбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришип, тигил же бул маселелерди чечүүдө Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоонун оңтойлуу жолдорун табуу үчүн бардык билимин жана тажрыйбасын пайдаланууга болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-bir-katar-mamleketterdin-elchilerinen-ishenim-gramotalaryn-kabyl-aldy



Добавить комментарий