Садыр Жапаров Бельгияга иш сапар менен барат
Брюсселде 28-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европа Кеңешинин президентинин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Саймон Мордю менен жолугушуусу болду.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Тараптар алдыда Бельгияга боло турган президент Садыр Жапаровдун иш сапарын талкуулашты. Казакбаев Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелди 2022-жылы Кыргызстанга келүүгө чакырды.
Тараптар мындан тышкары Кыргызстан менен Европа биримдигинин эки тараптуу кызматташтыгын талкуулашты.
Казакбаев азыркы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин шайлоосу тууралуу да маалымат берди.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-belgiyaga-ish-sapar-menen-barat
Добавить комментарий ×