Садыр Жапаров баардык саясий күчтөрдү чагымчылдыкка барбоого чакырды

29 апрель 2021 18:34 1011 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча кыргыз элине кайрылуу жолдоп, биримдикте болууга чакырды. Бул тууралуу президенттин соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.

Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. 

Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат.

Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка  чакырам", - деп айтылат өлкө башчынын кайрылуусунда. 

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрүп, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү тапшырмасын берген. 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-baardyk-sayasij-kchtrd-chagymchyldykka-barboogo-chakyrdy



Добавить комментарий