Садыр Жапаров: Акжол сенин ийгилигиңе баарыбыз маңдайыбыз жарыла сүйүнүп олтурабыз

12 сентябрь 2022 10:33 494 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акжол Махмудовдун дүйнө чемпиону болушу менен президент Садыр Жапаров куттуктады. Бул тууралуу "Барометр" билдирет. 

Өлкө башчы өз куттуктоосунда, Акжол Махмудов кызуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жеткенин белгиледи.

"Азаматсың Акжол баатыр!

Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок.

Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм!

Бар бол баатыр!", -деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-akzhol-senin-ijgiligie-baarybyz-madajybyz-zharyla-sjnp-olturabyz



Добавить комментарий