Садыр Жапаров Афганистандагы кыргызстандыктарды эвакуациялоону тапшырды
Бөлүшүү:
Президент Садыр Жапаров Афганистанда болуп жаткан жагдайлар менен дайыма кабардар болуп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Мамлекет башчысы саат сайын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Коопсуздук кеңешинен жана Тышкы иштер министрлигинен керектүү маалыматтарды алып жатат.
ТИМге Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары менен туруктуу байланышта болуу, алардын коопсуздук чараларын сактоо жана мекенине тезирээк эвакуациялоо тапшырмасын берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-afganistandagy-kyrgyzstandyktardy-evakuaciyaloonu-tapshyrdy
Добавить комментарий ×