Садык Шер-Нияз: Президенттик шайлоого барам. Өлкө кыйын абалда турганда сырттан карап тура албадым

9 ноябрь 2020 17:58 3046 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен президенттик шайлоого ат салышууну чечтим. Мен да сыртта карап тура берсем болот эле. Бирок, кыргыз тарыхында ири олтуруп, түз чечип келген парламенттик башкаруунун жок болуу коркунучунда турганда өз талапкерлигимди көрсөтүүнү туура көрдүм. Мен өлкөдө бийлик бир адамдын колуна топтолушуна каршымын. Парламенттик башкарууну сактап калышыбыз керек. 

Биздин өлкө кыйын абалда турганда мени менен бирге болууга чакырам. Идея үчүн сатпаган, сатылбагандар биригели. Менин Кыргызстан үчүн ак кызматымды жасоого жардам бериңиздер.

Биздин шорубуз президенттик башкарууда. Анын айынан мурдагы эки президенттерибиз Кыргызстанга келе албай качып жүрөт. Бизге президенттик башкаруу жакпайт да, болбойт да экенин тарых төртүнчү жолу көрсөттү. Жок дегенде төрт жолкудан сабак алалы.

Парламентти шорлотуп, куруткан, ар дайым президент болуп келген.

Урматтуу мекендештерим, менин колумдан эч нерсе келбейт деп тура бербеңиздер. Сиздердин атыңыздардан баягы эле саткынчы, ууру саясатчылар чечим чыгарып жатышат”, - деди ал.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-prezidenttik-shajloogo-baram-lk-kyjyn-abalda-turganda-syrttan-karap-tura-albadym



Добавить комментарий