Садык Шер-Нияз көзүнө жаш алып, Элмирбекти акыркы сапарга узатканда айткан сөзү

22 апрель 2020 17:23 6684 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү 22-апрелде Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Ал 20-апрелде Бишкектеги ооруканалардын биринде үзүлгөн. Ал кант диабетинен жабыркап келгенин жакын санаалаштары айтышты.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, туугандары, күйөрмандары келишти.

Маркумдун зыйнатына келгендердин алдында бир нече кишилер чыгып сүйлөп, Элмирбек Иманалиевдин таланты, адамкерчилиги тууралуу айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” республикалык коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Элмирбекди жок дегенде 50 жашка чыкса эмне деп арман кылды. 

"Барометр" маалымат агенттиги Шер-Нияздын айткандарын текстик түрдө сунуштайт.

“Биз баарыбыз бүгүн бирдей аза тартып турабыз, кыргызда кейибеген киши жок. Бир эле үй-бүлөсү эмес, бир эле жакын санаалаштары эмес, бир эле аны көрүп-билип калгандар эмес, улуу сөз, улуу салт, улуу тарыхты аздектеген кыргыздын баары ыйлап отурат үйүндө. Бекеринен “карагай ыйлап тал ыйлап, караган журттун баары ыйлап” деген сөз айтылбаса керек. Мына бүгүн коронавируска карабай канчалаган киши бул жерде турасыңар, улуу инсанды акыркы сапарга узатууга көңүлүңөр чыдабай ушул жерге келип отурасаңыр. Туура, өлүм деген баарын алат экен, ажалга эч ким туруштук бербептир. Кезинде кылычын көтөргөн, жер жүзүнүн жарымын бийлеген Чыңгыз хан деле өткөн дүйнөдөн, Искендер Зулкарнайың деле өтүптүр, Темирлан, Бабур деле өтүптүр. Бирок биздин Элмирбегибизди жок дегенде 70 жашка чыгарып алсак эмне?! Ошондо 70 жылдык тоюнда калайык калктын бары чогулуп, суусар тебетей, чепкен кийгизип, тулпар миңгизип тойлобойт белек! Туура, баары өткөн экен дүйнөдөн. Кезинде Улукбек өтүптүр, Омар Хаям өтүптүр, Баласагын өтүптүр, Махмуд Кашкари өтүптүр.

Элмирбек Бирок жок дегенде 50 жашка чыкса эмне?! 50 жаш тою болгондо кыргызга дүңгүрөтүп той кылбайт белек? Кыргыздын улуу инсаны, кыргыздын сөзүн аздектеген, “кыргыздын көтөргөн кылычы, сунулган найзасы, Элмирбек” деп жети дубанды кыдырып той берсек жарашпайт беле? 42 жаш деген эмне?! Карачы, “кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн” болуп турабыз, айла жок. Айла жок улуу таланттан ажырап турабыз.



Элмирбек деген ким эле? Элмирбек деген ырдын пири эле. Кайсы жерде болбосун обону шаңкылдап, күлсө күлкүсү жаркылдап, кабагын ачып каркылдап, кайсы той болбосун, кайсыл айтыш болбосун, кайсы сөз болбосун, кайсы обон болбосун бүлөгөн кылычтай алдыда сунулуп турат эле го... Кечээтен бери Элмирбектин ырларын берет, кайра тирилип келгендей шаңшыган обону, кайталангыс таланты бар баягы Элмирбекти тирүү Элмирбектей карап отурдук телевизордон. Мына бүгүн акыркы сапарга узатып жатабыз.

Эркек киши ыйлабайт дейт, кечирип койгула. Ыйлай турган күн болду, ыйлай турган күн болуп турат. Эми мындай талантты узатканда, мындай талантты жоготкондо ыйлабасак качан ыйлайбыз, качан көзгө жаш алабыз?!

Элмирбек элдин гүлү болду, ырдын пири болду. Кайсы жерге барса дагы кыргыздын намысын түшүргөн жок. Кайсы жерге барбасын улуу кыргызды даңктап жүрдү.

Манасчы десең манасчы, обончу десең обончу, акын десең акын, санатчы десең санатчы. Санатты Элмирбектей ким айта алды эле? Манас айтса манасына манасчылар суктанган, обон айтса ар бир обону шедевр болгон Элмирбектен бүгүн айрылып турабыз.

Эмне дейбиз... Тигил дүйнөгө барганда өзүңдүн атаңдай болгон Түкөм күтүп алар сени. “Айлайнайын Элмирбек сен дагы келип калдыңбы” деп Ашыкем тосуп алар сени. Ошол жерде Эстекем бар, Эстекем эркелетип алып жүрөр...

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! “Ажалдан болбос кайтарыш, айылыңа көңүл айтабыз” деп Ысмайыл айткандай айылга көңүл айталы, бири-бирибизге көңүл айталы. Ушул өнөрдү алып жүргөн Элмирбектей уулдар чыксын кыргызда деп Кудайдан тилейли. Кудай дагы кыргыз элине ушундай акындарды, обончуларды берсин, Кудай дагы ушундай залкар таланттарды берсин.

Кош, жаткан жериң жайлуу болсун!” — деди Садык Шер-Нияз.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-kzn-zhash-alyp-elmirbekti-akyrky-saparga-uzatkanda-ajtkan-sz



Добавить комментарий