Садык Шер-Нияз: Элмирбектин көздөрүндө күйүт бар эле
Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” республикалык коомунун түптөөчүсү Садык Шер-Нияз белгилүү акын Элмирбек Иманалиевди эскерип жатып, анын көзүнөн күйүтү бар экенин сезип жүргөнүн айтып берди.
Эске салсак, Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында каза болду. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Садык Шер-Нияз Элмирбек оңой менен кишиге ачыла бербеген мүнөзү бар экенин белгиледи.
“Элмирбек өзүнүн ичиндегини оңой менен айта берчү эмес, оңой менен ачыла берчү эмес. Элмирбекти көздөрүнөн түшүнчүмүн, Элмирбекте күйүт бар эле. Чыгармачыл киши сезимтал болот, чыгармачыл киши назик болот. Чыгармачыл кишинин ою, жүргөнү, жан дили – бул гүлдөй болот. Элмирбек көп нерсени башынан эрте өткөрдү. Чыныгы сүйүүнү дагы эрте көрдү. Биз сүйөт деп айтабыз, чыныгы сүйгөн киши гана жанагындай ырларды чыгара алат. Анык сүйүү ошондой. Ошондой нерсени да эрте көрдү. Эрте элдин сүймөнчүгүнө ээ болду. Эрте атак-даңкка жетти, эрте сыймыктуу болуп, элдин мактанычына айланды. Бирок өлүм кеч келсе болмок, өлүм дагы эрте келип алып кетти.
Саресеп салып көрө турган болсок, акыркы чыгарган ар бир чыгармасында ичиндеги күйүтү айтылып жатпайбы. Керек болсо “алып бүттү чарчадым” деп ырдап жатат. Бул чыныгы чыгармачыл адамдагы сезим. Көпчүлүк чыгармачыл кишилер ушундай нерсеге кириптер болушат. Анткени алар чын жүрөгү менен сүйөт, чын дили менен айтат, чын дили менен жүрөт, ага жүрөк кургур чыдабайт экен. Бардыгын чын дилиңден кылган кишилер ал шам сыяктуу, башкаларга жарык берип, өзү эрте күйүп кетет. Мына Элмирбек дагы ушундай болду деп ойлойм”, — деди Садык Шер-Нияз.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-elmirbektin-kzdrnd-kjt-bar-ele
Добавить комментарий ×