Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы катчысына кайрылуу жолдоду

2 апрель 2020 15:18 1183 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын мүчө мамлекеттерге карата күчтөрдү бириктирүү жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдоду.

Президент коронавирус инфекциясынын пайда болушу жана тез жайылышына байланыштуу дүйнөдөгү болуп жаткан оңой эмес кырдаалга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эпидемияга каршы багытталган чаралары жөнүндө айтып берип, коронавируска каршы күрөшүүдө дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи.

Президент ошондой эле дүйнө өлкөлөрү «COVID-19дун» адамзаттын алдына койгон чакырыктарын жеңип чыгаарына ишенимин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/s-zheenbekov-buunun-bashky-katchysyn-koldodu



Добавить комментарий