Рысбай Исаков 124 саат манас айтып гиннестин рекорддор китебине кирди

29 сентябрь 2022 09:05 603 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк гиннестер китеби жаңыланды. Түркияда 124 саат манас айтылып, Рысбай Исаков гиннесттер китебине кирди. Бул тууралуу маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Белгилүү болгондой, Түркия Республикасынын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргыз Респбуликасынын  эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча  катталды.

"Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касамбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси  Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк

Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталаган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгындыгы айтылды.

Салтанаттуу иш- чаранын алкагында манас айтуу, аны сактоо жана таанытууда түрк дүйнөсүнүн мындай биргелешкен иш- чара улуу Түрк атанын балдары болгон элибиздин ынтымагын  бекемдеп, аны даңазалоого жол ачылат.

Иш- чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады", -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында  өткөрүлгөн алгачкы иш- чара болуп калды.


Ссылка: https://barometr.kg/rysbaj-isakov-124-saat-manas-ajtyp-ginnestin-rekorddor-kitebine-kirdi



Добавить комментарий