"РСК Банкынын" эки кызматкерине коронавирус жукту. Алар кайсы аймактарда?
Бөлүшүү:
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында "РСК Банкынын” 2 кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын билдирди.
"Биринчи учур Бишкектеги банктын кызматкери, экинчи учур Чаткал районундагы филиалдын кызматкери”, - деди ал.
Үсөнбаев Чаткалдагы банк кызматкери бул аймакта жакында эле болгон массалык оору жугуу учурунда илдетке кабылганын кошумчалады. Учурда алардын абалы туруктуу, тийиштүү дарылануудан өтүп жатат.
Ал ошондой эле эле эки учур тең башкалар менен байланышта болгондо жукканын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bankynyn-eki-kyzmatkerine-koronavirus-zhuktu-alar-kajsy-ajmaktarda
Добавить комментарий ×