"РСК Банк": Пенсионерлер эми пенсияны "Элкарт" банктык карточкасынан алышат

14 июнь 2018 05:50 1228 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын биргелешкен чечими менен "Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча каралган мамлекеттик программага ылайык  "РСК Банк" өлкөнун экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана азайтуу максатында  пенсиялык төлөмдөрдү "Элкарт" улуттук картасына которуу иштерин жүргүзүүнү жыйынтыктап калды. 

 2017-жылдын октябр айынан тарта  2018-жылдын июнь айларына чейин   "Алай Кард"төлөм картасынан   "Элкарт" улуттук төлөм картасына өткөрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул ишти  "РСК Банк" Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонду менен биргеликте пенсионерлерге ММКлар, ар кандай коомдук сайттар жана мекемелерден маалыматты толук жеткирүү менен ишке ашырууда.  Башка төлөм картасына которуу үчүн   КР СФ райондук бөлүмдөрүнө банктык реквизиттери көрсөтүлгөн арыз менен кайрылуу керек.  

 Пенсия алуу убагында кардарлар мекеменин алдында узун кезекте туруп калып жатышат. Көпчүлүгү кандай жол менен которулат, кантип алабыз, кимге кайрылабыз деген суроолор менен кайрылышууда. 

Учурда банктын кызматкерлери кардарлар менен иштөөдө болгон күч аракеттерин жумшап жатат. Буга кошумча, пенсияны  РСК Банктын бардык Кыргызстандын аймактарындагы банкоматтарынан ала алышат. 

ААК "РСК Банк" пенсионерлерден, кардарларынан абалга байланыштуу ыңгайсыздыктар жаралганы үчүн кечирим сурайт. 

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-pensionerler-emi-pensiyany-elkart-banktyk-kartochkasynan-alyshat



Добавить комментарий