РСК Банк экспорттоого багытталган ишкердикти колдоп, жеңилдетилген түрдө насыяларды берет
РСК Банктын төрагасы Азизбек Өмүркулов пресс-конференцияда банктын уставдык капиталын 29 миллион долларга өстүрүүдө 1000ге жакын ишкерлердин ишканаларын жеңилдетилген түрдө камсыздоого болоорун билдирди.
Жеке жана орто ишкерликти колдоо боюнча РСК Банк бир канча компанияларга колдоо көрсөтүү менен мамлекеттик программаларга катышып, кардарларына женилдетилген түрдөгү насыяларды сунуштап келет.
2018-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен РСК Банктын куржуну 10 миллиард 317 миллион сомго өскөн. Уставдык капиталдын өсүшүндө мындай көрсөткүч кеминде 2 миллиардка көбөйөт. Банктын насыя алуучуларынын арасындагы ишкерлердин айрымдары продукцияларды чет өлкөлөргө чыгарып сатып жаткандар бар. Мисалы, 2017-жылдын октябрында "РСК Банк" "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1" мамлекеттик долбооруна катышты.
Аталган долбоордун алкагында төмөндөгүдөй артыкчылык насыялар берилген:
Экспортко багытталган, өлкөдөн чет өлкөгө чыгарууга багытталган фирмаларга;
Импорттоого багытталган ишканаларга;
Продукциясы өлкө ичинде чыгарылбаган, башкача айтканда уникалдуу катары бааланган компанияларга жана башка берилген.
Жалпысынан 2017-жылдын октябрынан декабрь айына чейин жылына 10%дык өлчөм менен 60 айга 17 насыя берилген. Бардыгы болуп финансы жактан банктын каржылоосу 178 миллион сомду түзгөн.
Ошондой эле "Глобал Милк" ишканасы банктын насыялык каржылоосу менен сүт азыктарын өндүрүүчү компания катары "Эл сүт" маркасы менен ишкерлигин жүргүзүүдө. Насыялык алган каражаттын негизинде фирма продукцияларынын бир түрүн көбөйтүүгө жетишти. Мисалы азыр компаниянын сүт азыктарынын арасында ар кандай кефир, быштактын бир канча түрлөрү, өрүк, шоколад, ваниль сыяктуу табигый кошулмалары менен 5тен ашуун сырлардын түрлөрү чыгарылууда. Жалпысынан 43 продукциянын түрлөрүн чыгарат. Күнүнө 15тен 20 тоннага чейинки сүт азыктары кайрадан иштелип чыгат. Ал эми азыр фирма сырлардын башка дагы түрлөрүн чыгарууну пландоодо. Ал үчүн финансылык жардамды РСК Банктан алып, ал тургай керектүү жабдык, шаймандарды дагы алып коюшкан.
Мындан тышкары, өлкөнүн региондорундагы дагы, мисалы Ысык-Көл облусунда жайгашкан сүт азыктарын иштетип чыгуучу "Май булак" фирмасы РСК Банктын насыялык каржылоосун колдонуп, ишкерлигин жүргүзүп келет.
Эркин экономиканын иштөө шарттарына ылайык айрым ишканалар 30%дык Кыргызстандагы өндүрүмдү экспортко багытталган негизде иштешет. Ошондой эле, кыргыз-орусиялык "Электрофарфор" ишканасы өзүнүн ишкердигин жогорулатууда РСК Банктын каржылоосун колдонду. Ишкана электр жылуулук системаларына керектүү шаймандарды иштетип чыгарып, товардын бир бөлүгү Кыргызстанда, башкасы коңшу өлкөлөргө дагы экспорттолот.
РСК Банктын кардарларынын арасында «Пейванд» ишканасы дагы бар. Алар "Балакай" жана "Тай-тай" деген аталыштагы бренд менен Кыргызстандагы жаш балдарга жалаяктарды ылайыктуу баада чыгарып, чет өлкөдөн алынып келген товарларга караганда арзан баада Кыргызстанды камсыздап келет.
Ошондой эле россия-кыргыз өнүгүү фондусунун алкагында өлкөдөгү, анын ичинде региондордогу продукцияларды экспорттоо-импорттоо ишкердүүлүгүндөгү бир канча долбоорлорду ишке ашырууга банк тарабынан насыялык каржылоолор болууда.
"Айыл чарбасын каржылоо"программасы менен Жалал-Абад облусундагы айыл чарба продукцияларын өндүрүүдөгү иштеп жаткан заводко жылына 6%дык өлчөмдөгү насыя берилген. Кыям чыгарган заводдо 155 жумуш оруну каралган.
Андыктан РСК Банк алыскы аймактардагы ишкерлерге бизнесин өнүктүрүүдө ар кандай банктык кызматтарды тартуулайт. Филиалдарын кеңейтүүнү, банкоматтарды, терминалдарды орнотуу менен банктык кызматтарды ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө колдоо көрсөтөт.
Белгиленгендей, Кыргызстандагы кичи жана орто ишканаларды иштетүүдө экспорттоого жана импорттоого багытталган продукцияларды чыгарууда насыялык каржылоо менен колдойт.
Добавить комментарий ×